Ошто бийликтен кулатылган мэр Таалайбек Сарыбашевди колдоо митинги өттү (видео)
Акциянын катышуучулары аны мэр кызматына кайтарып берүүнү талап кылышууда
Оштун борбордук аянтында кайрадан митинг. Бүгүн нааразычылык акциясынын катышуучулары Таалайбек Сарыбашевдин түштүк борбордун мэрлигине кайтып келишин талап кылышууда.
Аянтка 500гө жакын адам чогулгандыгы маалымдалды.
«Биз тынчтык митингин өткөргүбүз келет, анткени Таалайбек Сарыбашев патриот жана татыктуу мэр. Анын саясий провокациянын курмандыгы болушун каалабайбыз », - дешет нааразычылык акциясына чыккандар.
Ал арада социалдык тармактарда Алайдан Ошту көздөй бара жаткан автоунаалар кортежинин видеосу жайылууда. Маалым болгондой, эл мэрди дайындоо маселесин тынчтык жолу менен чечүү үчүн түштүк борборго кетип жатышат.
Эске салсак, кечээ Ошто качкын экс-мэр Мелис Мырзакматовду кайтарып берүү талабы менен митинг болуп өттү.
Мырзакматов түн ичинде Түркиядан жеке учак менен учуп кетти.
Буга чейин жергиликтүү шаардык кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов өзүн түштүк борбордун мэри деп жарыялаган.
Сүрөт www