Дастан Бекешев: Мен Садыр Жапаровго каршымын, Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин колдойм (видео)
Парламентарий дагы өкмөттүн имаратына келди
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөт үйүнө келди. Ал чогулган жарандарга Садыр Жапаровдун премьер-министр болуп дайындалышына каршы экендигин билдирди.
Ошондой эле ал Vesti.kg сайтына Тилек Токтогазиевдин Убактылуу өкмөттүн башчылыгына көрсөтүлүшү боюнча комментарий берди.
"Бул жакшы талапкер, мен аны колдойм" деди Бекешев.
Эскерте кетсек, учурда өкмөт үйүндө оппозициялык партиялардын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп жатат. Жолугушууга Дастан Бекешев кошулду.
"Мамлекеттик органдар өткөрүп алууда, биз муну токтотушубуз керек" деди ал.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз