Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БУУ Кыргыз Республикасынын Президенти менен оппозициянын сүйлөшүүнү сунуш кылды

Өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдүн аракети азыркы учурдагы кырдаалды укуктук чөйрөдө чечкиндүү чечүүгө багытталды, - Ч.Айдарбеков

БУУ Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана саясий күчтөрдүн ортосундагы диалог аянтчасын берүүгө даяр. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен болгон баарлашуу учурунда, жолугушуунун демилгечиси, БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Координатору Озонниа Ожиело билдирди.

"Кыргызстан үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын сактоо менен улуттук саясий күчтөрдүн ортосундагы кеңири саясий диалог аркылуу укуктук талаага тезирээк кайтып келүү маанилүү", - деп баса белгиледи ал.

Ожиело аталган уюм толугу менен Кыргыз Республикасы менен тилектеш экендигин билдирет, бирок өлкөдө болуп жаткан процесстерге тынчсыздануусун билдирди. Ал чет элдик инвесторлордун объектилерине кол салууга өзгөчө көңүл бурду.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы БУУ тутумуна Кыргызстандын өнүгүү маселелеринде туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдүн аракети азыркы учурдагы кырдаалды укуктук талаада так чечүүгө багытталган деп жооп берди.

«Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков дагы бул сүйлөшүүлөрдү колдоого даяр экендигин расмий билдирди», - деп кошумчалады Айдарбеков.

Ошол эле учурда министр кырдаалдан эрте чыгуу өкмөткө бир катар көйгөйлөргө көңүл бурууга мүмкүнчүлүк берет, анын ичинде COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү, Жогорку Кеңешке жаңы шайлоолорду өткөрүү жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу маселеси чечилет деген ишенимин билдирди. Бул жерде ал БУУнун колдоосуна үмүт артарын билдирди.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх