Сыймык Жапыкеев: Жээнбековдорго, Матраимовдорго жана Абылгазиевдерге иш козголгон (видео)
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы жаңы жетекчисинин маалыматын азырынча тастыктай элек
Башкы прокуратура Жээнбековдорго, Матраимовдорго, ошондой эле экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге каршы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган Чоң Казат партиясынын лидери Сыймык Жапыкеевге шилтеме берүү менен билдирет.
Жапыкеев тергөө иштери Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.
"Кылмыш иштери көптөгөн беренелер боюнча козголгон, алардын негизгиси - коррупция, уурдоо, кыянаттык менен пайдалануу", - деди ал.
Ал арада Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына билдиргендей, Матраимовдор, Жээнбековдор жана Абылгазиевдерге карата кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат эртең такталат.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз