­
ЖКнын төрагасы Мыктыбеков Абдылдаев Жээнбековго импичмент жарыялоого кол коюудан баш тартты - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКнын төрагасы Мыктыбеков Абдылдаев Жээнбековго импичмент жарыялоого кол коюудан баш тартты

Эльвира Сурабалдиеванын айтымында, Садыр Жапаров президентти кулатпоону талап кылып, эл өкүлдөрүн коркутууда

Жогорку Кеңештин жаңы спикери Мыктыбек Абдылдаев менен парламенттин депутаты Айнура Аскарова президент Сооронбай Жээнбековго каршы импичмент жарыялоо боюнча документке кол коюудан баш тартышты. Бул тууралуу эл өкүлү Элвира Сурабалдиева Твиттерде жарыялады.

 

Парламентарий ошондой эле колониядан бошотулган экс-депутат Садыр Жапаров Жээнбековго импичмент жарыялоого кол койбоону талап кылып, эл өкүлдөрүн коркутуп жаткандыгын билдирди.

 

Эскерте кетсек, бүгүн парламент депутаттарынын жыйыны болуп, анда өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлигин парламент депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Искендер Матраимов жактырганы белгилүү болду.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх