Курсан Асанов: Башаламандык уюштурууну көздөгөн чагымчылар жазаланат
Бишкек шаарынын жаңы коменданты активисттерге жана кайдыгер эмес жарандарга шаарда туруктуулукту орнотууга жардам бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди
Тополоң уюштурган чагымчылар мыйзам чегинде жазаланат. Бул тууралуу Бишкектин жаңы коменданты Курсан Асанов брифингде билдирди.
Анын айтымында, 5-октябрдагы баш аламандык учурунда 468 укук коргоо орган кызматкерлери жаракат алышкан, алардын 70жараны ооруканада.
"Шаарда кырдаал туруктуу, бирок кээ бир чыңалган учурлар бар", - деди Асанов. - Тополоңдун болушуна кызыкдар адамдардын тобу бар, алар трайбализм менен алектенишет. Бул адамдар катуу жазага тартылышат. Биз ушунун үстүндө иштеп жатабыз. Учурда кырдаал аздыр-көптүр турукташкандыгы үчүн, тынчсызданган жарандарга ыраазычылыгыбызды билдиришибиз керек. Кечээ кечинде талап-тоноо болгон жок.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www