Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов жумуш ордуна кайтып келди
Аймактагы күч структуралары күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Алишер Абдрахманов жумушка келди. Бул тууралуу Vesti.kgге өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
- Бүгүн эртең менен Алишер Абдрахманов жумушка кайтып келип, өзүнүн милдеттерин аткарууну улантууда, - деп билдирди басма сөз кызматы. - Баткен облусунда абал туруктуу.
Мындан тышкары, элчилик Абдрахманов Согди жана Фергана облустарынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда чек ара аймагынын коопсуздугун талкуулагандыгын кошумчалады. Баткен облусундагы күч структуралары күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.
Эскерте кетсек, 6-октябрда "Мекенчил" партиясынын мүчөсү Алтынбек Калпаев Абдрахмановдун ордун ээлөөгө аракет кылган.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www