Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 8-октябрга карата коронавирус инфекциясынын 245 жаңы учуру катталды

Дагы 4 адам COVID-19 илдетинен каза болду

Өткөн суткада COVID-19 менен ооруган дагы 4 адам каза болду: бири Ош облусунда, экөө Баткенде жана бирөө Бишкекте. Жалпысынан"коронавирус" жана "жугуштуу пневмония" диагнозу менен  1 миң 73 өлүм катталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Ошондой эле, Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын 245 жаңы учуру катталганы белгилүү болду.

Бишкекте - 77 адам, Чүй облусунда - 17, Ошто - 13, Ош облусунда - 62, Баткенде - 19, Таласта - 3, Ысык-Көлдө - 8, 2 Нарында жана Жалал-Абад облусунда 44 адам ...

245 адамдын 10у медициналык кызматкерлер: бири Бишкекте, бири Чүйдө, Ошто 4, Жалал-Абадда 3 жана Таласта бир.

Жалпысынан бүгүнкү күндө республикада коронавирустук инфекциянын 48 миң 342 учуру катталды, алардын 3 миң 364ү дарыгерлер.

Күндүн ичинде ооруканадан 159 бейтап чыгарылды: Бишкек шаарында 17, Чүй облусунда 14, Ош шаарында 11, Ош облусунда 14, Баткен облусунда 25, Жалал-Абад облусунда 37, Ысык-Көл облусунда 20, Нарын облусунда 11 жана Талас облусунда 10. ...

Алардын бири медициналык кызматкер. Дагы 2 дарыгер үчүн үйдө өзүн изоляциялоо мезгили аяктады.

Жалпысынан өлкө боюнча 43 миң 957 бейтап айыгып, чыгарылды, анын ичинен 3 миң 72 дарыгер.

Стационардык дарылануу 1 миң 366 бейтап бойдон калууда, амбулатордук - 1 миң 491 бейтап.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх