Өмүрбек Суваналиев Казакстандын УКМКсынын төрагасы менен телефон аркылуу сүйлөштү
Ал Карим Масимовго колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди
Бүгүн, 8-октябрда телефон аркылуу сүйлөшүү болду. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы, күч жана укук коргоо органдарынын координатору генерал-майор Өмүрбек Суваналиев Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы генерал-майор Карим Масимов менен.
Баарлашуунун жүрүшүндө улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, терроризмге жана экстремизмге каршы туруу, ошондой эле трансулуттук кылмыштуу топтор менен өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. УКМКнын төрагасы Масимовдун айтымында, эки бир тууган өлкөнүн атайын кызматтарынын биргелешкен иши өнөктөштүк келишимдеринин алкагында улантылат.
Масимов Кыргыз Республикасынын күч жана укук коргоо органдары кыска убакыттын ичинде кырдаалды жана коомдук тартипти жөнгө салат деген ишенимин билдирди.
Өз кезегинде Суваналиев Масимовго көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www