Уактылуу ИИМдин башчысынын милдетин учурда ким аткарып жаткандыгын ИИМ жооп берген жок.
Алар белгилегендей, Курсан Асанов жада калса бөлүмдү жетектеген эмес
Бүгүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Курсан Асанов кырдаалды курчутпас үчүн имараттан чыгып кеткенин билдирди.
Vesti.kg сайты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы менен байланышып, учурда убактылуу министр ким экендигин тактоону сурады? Редакция так жооп алган жок.
"Курсан Асанов жетекчи болгон эмес" деп билдирди басма сөз кызматы. - Бул легитимсиз болчу. Министрдин биринчи орун басары мыйзамдуу түрдө иш алып барышы керек. Бул кызматты учурда Ошто жүргөн жана түштүктө ирээтке келтирип жаткан Сүйүн Өмүрзаков ээлейт.
Ошол эле учурда Ички иштер министрлиги бул маселени тактап, кийинчерээк маалымат берүүнү убада кылды.
Сүрөт www