Алмазбек Атамбаев: Эгерде мен регионалист болгондо, мен Кара-Кулжадан адамды бийликке алып келмек белем? (видео)
Мурунку президент Сооронбай Жээнбеков менен Райымбек Матраимов бир мафия экендигин белгиледи
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Форумдун имаратында тарапташтары алдында сүйлөп жатып, эгер ал регионалист болсо, анда Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келбейт болчу деп белгиледи.
“Сооронбай менен Раим-миллион бир мафия. Сооронбай Сапар Исаков менен Кубат Кулматовду акча үчүн түрмөгө отургузду дегенимде, эч ким мага ишенбей койду. Алар Атамбаевге бийлик керек деди. Мага бийлик керек болсо, экинчи жолу чуркап шайланмакмын. Атамбаевге элдин тынчтыгы керек! Баткендик жигит Сооронбайдын ок чыгарган тарапташтарынын айынан каза болду. Бул жырткычтар кыргыздын үмүтүн өлтүргүсү келет. Матраимовдордун мафиясы - Жээнбековдор бийликти күтүп жатышат. Шерменде Шарипович Кыргызстандан чыга элек. Элге кам көрөм деп жамынып кайткысы келет. Эгер Атамбаев регионалист болсо, Ош облусунун Кара-Кулжасынан бир адамды президенттикке алып келмек беле? Чуйдө бир дагы адамкалган жок беле эмне? ”Деди Атамбаев.
Сүрөт www