Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын башчылары Кыргызстандагы окуялар боюнча биргелешкен билдирүү жасашты

"Кыргызстандын гүлдөп өсүшү регионалдык коопсуздуктун маанилүү фактору"

Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын башчылары Кыргызстандагы окуялар боюнча биргелешкен билдирүү жасашты. Аны "Акорда" маалымат агенствосу чыгарган.

"Бир тууган Кыргызстанда болуп жаткан окуялар биздин олуттуу тынчсыздануубузду жаратат" деп айтылат билдирүүдө.

Кылымдардан бери келе жаткан достук, жакшы коңшулук, жалпы маданий жана руханий баалуулуктар менен байланышкан жакын коңшулар катары биз Кыргызстан элин ушул оор күндөрдө тынчтыкты сактоо жана туруктуулукту калыбына келтирүү үчүн өзүнүн акылмандыгын көрсөтүүгө чакырабыз.

Кыргызстандын бардык саясий партиялары жана коомдук чөйрөлөрү тынчтыкты жана бейпилдикти камсыз кылуу, Конституцияны жана улуттук мыйзамдарды сөзсүз сактоо менен келип чыккан маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон аракеттерди көрөт деп ишенебиз.

Кыргызстандын гүлдөп өсүшү - бул бүтүндөй Борбордук Азиядагы регионалдык коопсуздуктун жана туруктуу өнүгүүнүн маанилүү фактору.

Биздин өлкөлөрдүн бир өткөн тарыхы бар жана жалпы келечекти куруп жатышат. Борбордук Азия элдерин тарыхый жактан келечектеги муундардын жыргалчылыгы үчүн бекем тынчтыкка, ынтымакка жана жаратууга умтулуу бириктирип турат.

Жалпы максаттарды бөлүшүп, биздин мамлекеттер соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук, коммуникациялык жана маданий-гуманитардык байланыштарды, чек ара жана аймактар ​​аралык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү үчүн регионалдык кызматташтыкты жигердүү бекемдеп жатышат.

Борбордук Азия тилектештигин андан ары чыңдоо жолу менен бара жатып, биз Кыргызстан элин биримдикке, тынчтыкка, көзкарандысыз өнүгүүгө жана гүлдөп өсүүгө умтулуусуна ар дайым колдойбуз.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх