Эсин жоготкон Тилек Токтогазиевди аянттан алып кетишти (видео)
Маалыматтарга караганда, премьер-министрдин талапкерин кагылышуу учурунда кимдир бирөө башына таш менен урган
Ала-Тоо аянтында оппозициялык партиялардын тарапкерлери менен Садыр Жапаровдун ортосундагы кагылышуу учурунда премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер Тилек Токтогазиев жаракат алды.
Маалыматка караганда, анын башына таш менен урушкан.
Таркатылган видеодо Токтогазиев эс-учу жок жатат. Бир нече киши аны алып кетишти.
Манас Көлбаев
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз