Сооронбай Жээнбеков: Өлкөнүн бардык акылга сыярлык күчтөрү мени колдойт деп ишенем
Президент адамдардын бейпил жашоосун камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетти жумшай тургандыгын убада кылды
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабында болуп, анда жаңы дайындалган башчы Таалайбек Өмүралиев менен өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу чараларын талкуулады.
Мамлекет башчы белгилегендей, учурдагы негизги милдет бишкектиктердин коопсуздугун жана борбор калаадагы коомдук тартипти камсыз кылуу болуп саналат.
«Бүгүн мен Бишкек шаарында өзгөчө кырдаалды киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койдум. Учурдагы кырдаалга таянып, биз тезинен кырдаалды көзөмөлгө алып, тынчтыкты бекемдөөгө милдеттүүбүз », - деп баса белгиледи Президент.
Жээнбеков саясий чакырыктардан тышкары, коомду бөлүп-жарууга багытталган чакырыктар болуп жаткандыгын кошумчалады.
«Жарандар жана мекендештерибиз жоопкерчиликсиз саясатчылардын саясий кумарларынын курмандыгы болуп калбашы керек. Ушул максатта, мамлекет башчысы катары, мен конституциялык укуктарымдан келип чыгып, адамдардын тынч жашоосун жана өлкөнүн бүтүндүгүн камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм. Өлкөнүн бардык акылга сыярлык күчтөрү мени колдойт деп ишенем ”, - деп жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.
Маалыматтык саясат бөлүмү
президенттик аппарат
Сүрөт www