Бишкекте өзгөчө кырдаал бүгүнтөн эмес, 10-октябрдан тарта иштейт
Ички иштер министрлиги билдирүү таратты
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда жарлыкка кол койду, ага ылайык, Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Президенттин жарлыгына ылайык, Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө кырдаал режими 2020-жылдын 9-октябрында саат 20: 00дөн 2020-жылдын 21-октябрында саат 08: 00гө чейин киргизилген.
Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев өзгөчө кырдаалды киргизүү мезгилине Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалды.
Ички иштер министрлиги коомдук-саясий кырдаалды тез арада турукташтыруу жана коомдук тартипти калыбына келтирүү максатында 2020-жылдын 10-октябрынан баштап Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилип жаткандыгын билдирет.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www