Милиция жарандардан бүгүн Ала-Тоо аянтында ок аткан адамды табууга жардам сурайт
Ыкчам топтун кызматкерлери видеого тартылып алынган жарандын өздүгүн жана жашаган жерин аныктоого аракет кылышууда
Борбор калаанын Криминалдык милиция кызматы, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси (массалык башаламандык) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, бүгүн Ала-Тоо аянтында белгисиз тапанчадан ок чыгарган азиат улутундагы белгисиз адамдын өздүгүн жана жашаган жерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.
Урматтуу жарандар, эгерде сиз ЖМКда жана социалдык тармактарда жарыяланган видеотасмада бул кишинин жүргөн жерин билсеңиз, анда жакынкы милиция кызматкерине кабарлап, күнү-түнү 102 номерине чалыңыз.
Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматы
Сүрөт www