Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Массалык баш аламандык уюштуруу фактысы боюнча Фарид Ниязов дагы кармалды

"Тиешелүү тергөө-оперативдик иш-чаралар улантылууда"

Фарид Ниязов массалык баш аламандыкты уюштуруу фактысы боюнча кармалган. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

"2020-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарында массалык баш аламандыкты уюштуруу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө буйругунун негизинде УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Фарид Ниязов кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда ведомстволор аралык тергөө-ыкчам тобу тарабынан бул кылмыштын башка шериктерин аныктоого жана камакка алууга багытталган тиешелүү тергөө-оперативдик иш-чаралар улантылууда.

КР УКМКнын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх