Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан кетти
Жаңы спикер болуп Мирлан Бакиров шайланды
Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев парламенттин спикерлигинен кетти. Бул тууралуу ал парламенттин кезексиз сессиясында билдирди.
Өз сөзүндө Мыктыбек Абдылдаев сындан улам кызматтан кетип жаткандыгын айтты.
Жаңы спикер болуп Мирлан Бакиров шайланды. Абдылдаевге иши үчүн ыраазычылык билдирди.
Залда болжол менен 15-20 эл өкүлү бар. Айрым депутаттардын айтымында, аларда добуш берүү үчүн ишеним каттар бар.
Белгилей кетсек, бүгүн эл өкүлдөрү борбор калаада өзгөчө кырдаалды киргизүү, ошондой эле өкмөттүн курамын карап жатышат.
Родион Решетов
Гулиза Чудубаева
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз