Эгер Жээнбеков кызматтан кетсе, Садыр Жапаров милдетин аткаруучу болуп турат
Сооронбай Жээнбеков президенттиктен кетсе, Садыр Жапаров өз милдетин аткарат
Жаңы келген премьер-министр Садыр Жапаров президент мөөнөтүнөн мурда кетсе, президенттин милдетин убактылуу аткаруучу болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны учурунда белгилүү болду.
Белгилей кетсек, бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында депутаттар өкмөттүк программаны кабыл алышты. Андан кийин министрлер кабинетинин жаңы башчысына суроолорду бере башташты.
Көпчүлүк эл өкүлдөрү премьер-министрден элди бириктирүүнү, ошондой эле өлкөнүн саясий күчтөрүн угууну суранышты.
Родион Решетов
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз