Эркин Асрандиев жаңы өкмөттө иштөөдөн баш тартты
Бул тууралуу жаңы премьер-министр Садыр Жапаров ЖКнын кезексиз жыйынында билдирди
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жаңы өкмөттө болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында парламенттин кезексиз сессиясында белгилүү болду. Жаңы чыгып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров өз сөзүндө министрлер кабинетинин жаңы курамында дагы деле болсо өзгөрүүлөр боло тургандыгын айтты.
Анын айтымында, Асрандиев өзү вице-премьер-министр кызматынан баш тарткан.
Родион Решетов
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз