ЖКнын депутаты: Темирлан Султанбековду камакка алганы жатышат
Алдын ала маалыматтар боюнча, жаш саясатчы Атамбаевге окшоп массалык баш аламандык уюштурган деп шектелүүдө
Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков 48 саатка камалганы жатат. Бул тууралуу парламенттин депутаты Ирина Карамушкина Facebook баракчасына жарыялады.
«Социал-демократтар партиясынын лидеринин орун басары Темирлан Султанбеков 48 саатка камакка алынды (азырынча).
Ал ортодо, адвокат Замир Жоошев Vesti.kg сайтына Султанбековдун кармалышы тууралуу маалыматты тастыктады. Анын айтымында, депутаттыкка экс-талапкер Ички иштер министрлигинде.
Эскерте кетсек, буга чейин телеграмма каналдарында сүрөт Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр жана Темирлан Султанбековдорду укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалгандыгы жөнүндө сүрөт жарыяланган.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www