Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Фарид Ниязов менен Кадыр Атамбаев бошотулду

Алар күбө катары суракка алынган

Президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязов жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу - Кадыр бошотулду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жактоочу Бакытбек Автандил билдирди.

Анын айтымында, алар күбө катары суракка алынган.

"Фарид Ниязов менен Кадыр Атамбаев бошотулду" деп Бакытбек Автандил тактады. - Алар укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан орой мамилеге туш болгонбу же жокпу, билбейм, аларды мурунтан эле Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгынын имаратында көрдүм.

Ал арада Башкы прокуратура Ак үйдү басып алуу учурунда түрмөдөн бошотулган туткундарды кайтарып берүүнү суранган билдирүү таратты. Тополоң учурунда бошотулган туткундардын тизмесинде Фарид Ниязовдун аты дагы бар.

Бирок Автандил бул маселе боюнча Кой-Таш окуясы боюнча юрист Улан Индикеевге кайрылууну сунуштады. Өз кезегинде Индикеев Vesti.kg сайтына берген маегинде ал аны көрө электигин жана эч нерсе боюнча комментарий бере албастыгын айтты.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх