Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каптагаев: Сооронбай Жээнбеков тез арада Садыр Жапаровдун өкмөтүн бекитиши керек

Ысык-Көл облусунун экс-башчысы учурдагы кырдаалда президенттин кызматтан кетиши качканга барабар болушу мүмкүн деди

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш кайра шайланганга чейин кызматтан кетпеши керек. Мындай пикирин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы экс-ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев билдирди.

Мурунку чиновник Фейсбукка жарыялаган билдирүүсүндө, азыркы саясий кырдаалда Жээнбековдун кызматтан кетиши качканга барабар деп белгиледи.

«Президенттин кызматтан кетип жаткандыгы жөнүндө билдирүүсү Жогорку Кеңештин трибунасынан да, Ала-Тоо аянтында да жарыяланды. Бул жаңылык шамалдай учуп кетти. Колдогондор дагы, тынчсыздангандар дагы, каршы болгондор дагы бар.

Балким ал чын эле ушундай маанайда, балким ойлонуп отурат. Мамлекеттин жана элдин түйшүгү оңой жүк эмес. Ал мындай чечимди үмүтсүздүктөн, кан төгүүдөн коркуп, өлкөнү мындай окуялардан коргоону каалап, жеке кызыкчылыгынан жана мансабынан жогору турган жалпы кызыкчылыктардан улам кабыл алган.

Эми "мен кызматтан кетем" дегенден кийин кетишим керек деген пикирлер бар. Эгерде биз жөнөкөй логикага таянсак, анда бул туура. Бирок, мамлекеттик көз караштан алганда бул туурабы? Мамлекет оюнчук эмес.

Бул жагынан алганда, биз үчүн бир нерсени айтуу маанилүү: Президент Сооронбай Жээнбековдун мындай кырдаалда кызматтан кетүү чечими качканга барабар. Бул жоопкерчиликсиз иш болот. Мамлекет башчысы өз милдетин өлкө мыйзамдуу жолго түшкөнгө чейин аткарышы керек. Анткени бийлик өткөрүп берген парламент өзү легитимсиз. Жогорку Кеңеш элдин ишенимин жоготту. Ушул курамдагы депутаттардын көпчүлүгүнүн күнөөсүнөн улам өлкө ушундай коогалаңдуу күндөрдү баштан кечирүүдө ”, - дейт Каптагаев.

Ошондой эле, мамлекет башчы тез арада Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн курамын бекитүү керектигин кошумчалады.

«Эгерде президент кызматтан кетсе, анда ал тез арада Садыр Жапаровдун өкмөтүн бекитип, ага иштөөгө мүмкүнчүлүк бериш керек, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарын кайталап шайлоону өткөрүп, андан кийин парламенттин жаңы курамы менен өз ыктыяры менен кызматтан кетип, ыйгарым укугун жаңы шайланган спикерге өткөрүп бериши керек.

Андан кийин президенттик шайлоо болуп, эл колдогон адам мамлекет башчысы болуп, өлкөдө мыйзамдуулук орнойт. Садыр Жапаров эл колдосо толук кандуу президент болот. Андан кийин гана конституциялык реформа, келечектеги мамлекеттик жана коомдук түзүлүш жөнүндө талкуу башталышы керек, эми бул маселени токтоосуз көтөрүп чыккандар өлкөнү укуктук башаламандыкка ого бетер түртүп жатышат. Менин оюмча, муну түшүнүү керек », - деп жыйынтыктады Каптагаев.
 

Эске сала кетсек, ушул жылдын 10-октябрында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында парламенттин кезексиз сессиясы болуп, анда депутаттар Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына бекиткен.

Бирок парламентчилердин чечими коомдун бир бөлүгүнүн жана депутаттардын нааразычылыгын жараткан. Ошентип, Аида Касымалиева, Дастан Бекешев жана Каныбек Иманалиев бул дайындоонун легитимсиз экендигин билдиришти.

Садыр Жапаров №27 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан, 2018-жылы Каракол шаарында митинг уюштуруп, Ысык-Көл облусунун экс-башчысы Эмилбек Каптагаевди барымтага алгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган.

Ак үй басып алынгандан кийин Жапаровду колониядан нааразычылык акциясына чыккандар 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү бошотушкан.
 
Манас Кольбаев
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх