Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азырынча Атамбаевдин унаасына ок аткан адамдын өздүгү тактала элек

Шаардык милиция кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын улантууда

Ала-Тоо аянтындагы митинг учурунда ок аткан адамдын өздүгү тактала элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек шаардык ИИБнын башчысынын орун басары Эрлан Атантаев билдирди.

- Тергөө иштери дагы эле жүрүп жатат, - деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, окуя 9-октябрда борбор калаанын борбордук аянтында болгон.

Кийинчирээк белгисиз адам экс-президент Алмазбек Атамбаевдин унаасына ок атканы белгилүү болду.

Бул кол салуу аракетин экс-премьер-министрлер Сапар Исаков менен Өмүрбек Бабанов дагы жарыялаган.

Манас Көлбаев
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх