Ош шаарында күнү-түнү иштей турган стационар ачылды
Акыркы суткада эле түштүк борбордо коронавируска чалдыккан 33 адам катталып, бир адам каза болду
Ош шаарында 24 саат бою иштей турган оорукана ачылды. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров Фейсбукта жарыялады.
Анын айтымында, оорукана Ак-Тилек кичи районунда №52 мектептин спорт залынын базасында ачылган.
Эске салсак, акыркы күндөрү Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар көбөйдү.
Өткөн суткада Ош шаарында илдетти жуктуруп алган 33 адам катталып, 1 адам каза болду.
Манас Көлбаев
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз