Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жантөрө Сатыбалдиев ден-соолугуна байланыштуу Улуттук Кардиология Борборунда жатат

ЖАМК абактан бошотулган саясатчылардын аты-жөнүн тизмеге келтирип, түзөтүү жайларына келе элек

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы 6-октябрда УШКнын 97-беренесинин негизинде түзөтүү мекемесинен чыгууга уруксат берилген адамдарды, мурда жазасын өтөгөн мекемелерге кайтып келүүгө чакырат.

Талаптар аткарылбаса, укук коргоо органдары тиешелүү чараларды көрүшөт.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында соттолгон Авазов С.А., Мусакеев Д.С., Төлөгөнов Р.К., Калиев А.Р. түзөтүү мекемелерине кайтарылды.

Ж.Сатыбалдиев ден-соолугунун начарлап кеткендигине байланыштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин коштоосунда Улуттук Кардиология жана Терапия Борборунда жатат.

Бүгүн, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелерине келе элек соттолгон С.Ж.Исаков, Ибраимов А.С., Куланбаев С.К., Кулланбаев Б.Ж.га берилген өргүүнүн мөөнөтү бүгүн аяктайт.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх