Темирлан Султанбеков менен Фарид Ниязовду Биринчи Май райондук сотуна алып келишти (сүрөт)
Бүгүн сот 9-октябрда Ала-Тоо аянтындагы митингден кийин кармалгандарга карата баш коргоо чарасын көрүшү керек
Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Канат Сагымбаев жана "СДПК" партиясынан депутаттыкка талапкер Темирлан Султанбеков Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди.
СДПК партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева сот имаратындагы сүрөттөрдү интернетке жарыялады.
Эскерте кетсек, алар ушул жылдын 9-октябрында Ала-Тоо аянтындагы башаламандык фактысы боюнча кармалган.
Биринчи Май райондук соту бүгүн аларга карата баш коргоо чарасы көрүлүшү керек.
Манас Көлбаев
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз