Дүйшөнбек Зилалиев УКМКнын тергөө абагына кайтып келди
5-октябрдан 6-октябрга караган түнү соттун мыйзамсыз чечими менен ал абактан мыйзамсыз бошотулган
Бир күн мурун, 12-октябрда жүргүзүлгөн ыкчам-издөө ишинин негизинде, мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев УКМКнын СИЗОсуна алынып келинген, ал соттун мыйзамсыз чечими менен 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү абактан мыйзамсыз бошотулган.
Учурда Зилалиев УКМКнын тергөө абагына жеткирилди.
УКМК менен ИИМдин митингчилер тарабынан бошотулган жана убактылуу кармоочу жайлардан жана жазаларын өтөп жаткан адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча биргелешкен ыкчам иш-чаралары уланууда.
УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз