Эксперт: Темирлан Султанбековдун бошотулушуна Садыр Жапаров таасир этиши керек
Айнура Арзыматованын айтымында, жаш саясатчы саясий репрессияга туш болгон
Жаңы премьер-министр Садыр Жапаров "социал-демократ" Темирлан Султанбековдун бошотулушуна таасир этиши керек болчу. Мындай пикирин саясат таануучу Айнура Арзыматова Vesti.kg менен бөлүштү.
Анын айтымында, бийлик Султанбековду СИЗО-1ге отургузуп, жаш активисттерге жана саясатчыларга Сооронбай Жээнбековдун администрациясынын учурдагы саясатын сындоону токтотууга сигнал берди.
"Темирлан Султанбеков ар дайым өзүнүн тайманбастыгы менен айырмаланып келген жана эки жылдан бери Жээнбековдун режимин активдүү сындап келген", - деп эскерди Арзиматова. - Белгилей кетчү нерсе, ал бекер камалган. Садыр Жапаров революциячыл толкун менен келген премьер-министр катары анын бошотулушуна таасир этиши керек эле. Ошентип, бийлик эгерде жаштар өкмөттү сындап келе берсе, анда Темирланадай тагдырга туш болушарын көрсөттү. Ал бекеринен камалган. Бул саясий репрессия.
Эксперт кошумчалагандай, Султанбековду башаламандыкты уюштурган деп айыптоого болбойт. Ал тынч демонстрацияга келди, деп баса белгиледи Арзыматова.
Эске сала кетсек, кечээ, 12-октябрда Биринчи Май райондук соту Темирлан Султанбековду эки айга 1-абакка отургузуу чечимин чыгарган. Ал башаламандыкты уюштурган деп шектелүүдө.
Султанбековду көптөгөн активисттер, саясатчылар жана маданият өкүлдөрү - Мирбек Атабеков, Ассоль Молдокматова, Айгүл Курманова дагы колдошту.
Элдос Казыбеков
Фото www