Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбор: Темирлан Султанбековду кыйноолор менен коркутушкан
Маалыматка караганда, жаш саясатчы дагы эле ачкачылык кармоодо
Бишкектеги массалык баш аламандыкты уюштурган деп шектелип кармалган Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Темирлан Султанбеков аны кыйноолор менен коркутушканын айтты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков билдирди.
Буга чейин борбордун кызматкерлери Султанбеков менен тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөндүктөн, аны борбордук милициянын убактылуу кармоочу жайдан жолуктура албай жатышканы маалымдалган.
"Мен аны менен Биринчи Май райондук сотунда соттук отурумга чейин жолуктум" деди Рысбеков. - Ал кыйноолорго даттанбайт, бирок ошол эле учурда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына алып келгенде кыйноолор менен коркутуулар болгонун айткан. Ал дагы эле ачкачылык кармап жаткан учурда, камактын шарттарына нааразы эмес.
Рысбековдун айтымында, сот имаратындагы коркутуу фактысы боюнча арыз алууга мүмкүн болгон жок.
- Арыз алуу мүмкүн болгон жок, бирок тергөө иш-аракеттери аяктагандан кийин аны менен жолугуп, кеңири талкуулап, керек болсо билдирүү алабыз, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Эске сала кетсек, ушул жылдын 11-октябрында кармалган Султанбеков ачкачылык жарыялаган.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www