Бишкектеги "жумшартылган" коменданттык саат. Тартип бузгандар кармалган жок, үйүнө жөнөтүлдү
Милиция кызматкерлери кечиккен жарандарды милиция бөлүмдөрүнө жеткиришкен эмес
Бишкек ШИИББинин маалыматына ылайык, борбор калаада акыркы түн тынч өттү. Майда уурулук жана үй-бүлөлүк мушташ боюнча бир нече факт катталган.
Коменданттык сааттын сакталышы боюнча айта турган болсок, анда укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, 20дай унаанын айдоочуларына айып пул салынып, айрым автоунаалар айып токтотуучу жайга киргизилген.
Бирок белгилүү болгондой, эч ким кармалган жок. Коменданттык сааттын эрежесин бузгандардын баарынан үйгө тезирээк жетүүнү гана суранышкан. Өткөн жазда өзгөчө кырдаал режими ушундай киргизилген менен, кечигип келген жарандар түнү бою кармалган.
Эске салсак, Бишкек шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Коменданттык саат 22: 00дөн 05: 00гө чейин иштейт.
Родион Решетов
Сүрөт www