Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мелис Мырзакматовго берилген бардык өкүмдөр жокко чыгарылды

Ош шаарынын экс-мэринин иши биринчи инстанциядагы сотко жөнөтүлдү

Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовго карата чыгарылган өкүмдөр жокко чыгарылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жогорку Соттон билдиришти.

"Мырзакматовго байланыштуу иш 8-октябрда каралды", - деп билдирди басма сөз кызматы. - Коллегия мурунку өкүмдөрдүн бардыгын жокко чыгаруу жөнүндө токтом чыгарды. Иштин материалдары биринчи инстанциядагы сотко, тактап айтканда, Ош шаардык сотуна маңызы боюнча кароо үчүн жөнөтүлдү.

Эске салсак, Мелис Мырзакматов 2014-жылдын ноябрь айында издөөдө жүргөн. Ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча сыртынан айып тагылды.

Ош шаарынын мурунку мэри Кыргызстанга 2020-жылдын 7-октябрында келген. Ал Сооронбай Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтты. Ошол эле учурда Мырзакматов кайрадан түштүк борбордун мэри болууга ниети жок экендигин баса белгиледи. Ал Түркияга кайтып барып, дыйканчылык менен алектенмек болгон.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх