Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Абалды көзөмөлдөө үчүн күчтөр жана каражаттар жетиштүү

Коопсуздук кызматы Кыргызстандыктарды дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок деп ишендиришет

Учурдагы татаал коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу УКМК төмөнкүлөрдү билдирет.

Учурда социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы жана жалпы республикадагы кырдаалды туруксуздаштыруу боюнча ар кандай чакырыктар жайылууда. Ушуга байланыштуу УКМК баардыгын дүрбөлөңгө түшпөөгө жана өлкөдөгү кырдаалдын курчушуна алып келиши мүмкүн болгон ар кандай ушак-айыңдарга ишенбөөгө чакырат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бардык күч жана укук коргоо органдары менен биргеликте ар кандай күчтөрдүн, анын ичинде деструктивдүү күчтөрдүн чагымчыл аракеттерин басуу жана алдын алуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат.

Мурда маалымдалгандай, УКМК жана укук коргоо органдары саясаттан тышкары бойдон калууда жана ушул оор учурларда кырдаалды тезирээк турукташтыруу үчүн бардык тараптарды бир пикирге келүүгө чакырат. Ошондой эле ал күч структураларынын жана укук коргоо органдарынын күчтөрү жана каражаттары кырдаалды көзөмөлдөө үчүн жетиштүү экендигин эске салат.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх