Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мирлан Бакиров: Премьер-министрликке Садыр Жапаровдон башка талапкер жок (видео)

 Бүгүн парламент мүчөлөрү өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын бекитүү боюнча жыйынга чогулушту

Бүгүнкү күндө өкмөттүн башчылыгына бир гана талапкер бар - Садыр Жапаров. Бул тууралуу журналисттерге Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров билдирди.

Ошондой эле парламенттин отурумдарында кворумду өткөрүүгө ким жооптуу деген суроолорго жооп берди.

"Жыйында кворумду өткөрүү жоопкерчилиги фракциялардын лидерлерине жана парламенттин аппаратына жүктөлөт", - деди Бакиров. - Биз, вице-спикерлер, модераторлордун милдетин аткарабыз. Менин билишимче, өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдон башка талапкер жок. Бүгүн биз Садыр Жапаров сунуш кылган өкмөттүн курамын жана программасын колдоп, бекитип берсек, кырдаал турукташат деп ойлойм. Ошондой эле, бардыгы мыйзамдуу болот, анын ичинде Жогорку Кеңешке боло турган шайлоолор дагы бар.

Ошол эле учурда депутат митингчилерди сабырдуулукка  чакырды.

- Бүгүн 6-октябрда башталган маселелерге чекит коёбуз деп ойлойм, - деп жооп берди Мирлан Бакиров.


Манас Көлбаев
Сүрөт www


 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх