Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров - Темирлан Султанбековдун кармалышы боюнча: Саясий оппоненттерди куугунтуктоого жол берилбейт

Жаңы премьер-министр укуктук мамлекетте тергөө амалдары жүрүп жаткан коомдук жана саясий ишмерлерди үй камагына алмаштырса болот деп эсептейт

Жаш саясатчы Темирлан Султанбековду камактан бошотуу зарылдыгы жөнүндөгү көптөгөн кайрылуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров коомдук коопсуздукка коркунуч келтирбеген саясий оппоненттерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт деп эсептейт.

«Кыргыз Республикасынын Премьер-министри катары сот, прокуратура жана тергөө органдарына таасир этүүгө моралдык жана ыйгарым укуктарым жок экендигин баса белгилегим келет. Биз курууга умтулуп жаткан укуктук мамлекетте тергөө амалдары жүрүп жаткан коомдук жана саясий ишмерлерди кармоону үй камагына алмаштырса болот деп эсептейм», - деди Өкмөт башчы.

КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх