Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Митингчилер аянтта Садыр Жапаров алар менен сүйлөшөрүн айтышты

Нааразычылык акциясына миңден ашуун адам чогулган

Жаңы премьер-министр Садыр Жапаров Бишкектеги өкмөт үйүнүн жанындагы нааразычылык акциясына чыкмакчы. Митингге чыккандардын бири трибунадан мындай деди. Бирок, бул маалымат азырынча тастыктала элек.

Учурда Садыр Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында, аны депутаттар премьер-министрликке дайындоо маселесин талкуулап жатышат. Азырынча анын талапкерлиги көпчүлүк коалициясы тарабынан жактырылды.

Ошол эле учурда, нааразычылык акциясына миңден ашуун адам чогулду. Адамдар келе беришет.

Буга чейин митингге чыккандар президент Сооронбай Жээнбековдон саат 15: 00гө чейин кызматтан кетишин талап кылышкан.

Зулайка Эркимбаева
Вероника Малышева
Сүрөт Vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх