Жээнбековдун кызматтан кетишине нааразы болгондор үчүн концерт уюштурулду (видео)
Аткаруучу артисттердин бири Садыр Жапаровдун келиши күтүлүп жаткандыгын айтты
Президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине арналган митингде концерт башталды. Бул тууралуу Vesti.kgнин кабарчысы окуя болгон жерден билдирди.
Акциянын айрым катышуучулары орус ырчыларынын ырларына бийлеп киришти.Ырчылардын бири трибунадан жаңы премьер-министр Садыр Жапаровдун келишин күтөм деди.
Учурда өкмөт үйүнүн жанында миңден ашуун адам бар.
Эске салсак, министрлер кабинетинин башчысы Садыр Жапаровдун тарапташтары аймактардан Бишкекке келип, Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетиши үчүн митинг өткөрүп жатышат.
Элдос Казыбеков
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт, видео Vesti.kg
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз