Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Темирлан Султанбеков үй камагына бошотулду

Мурунку президенттин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева жаш саясатчынын артынан Канат Сагымбаев менен Фарид Ниязов бошотулушу керек деп эсептейт

Социал-демократтар партиясынан депутаттыкка жаш талапкер Темирлан Султанбеков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына партиясынын өкүлү Кундуз Джолдубаева   билдирди.

Анын айтымында, тийиштүү чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган. Мындан тышкары, Джолдубаева, Султанбековдун артынан сот Атамбаевдин экс-жансакчысы Канат Сагымбаевди жана ошондой эле Фарид Ниязовду бошотушу керек деп кошумчалады.

- Темирлан Султанбеков үй камагына бошотулду, - деди Атамбаеванын кеңешчиси. - Темирлан саясий репрессиянын курмандыгы болгону айдан ачык. Темирландан тышкары Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаевди дагы бошотуш керек деп эсептейбиз. Түшүнбөйм, эмне үчүн мындай тандалма?! 9-октябрдагы митингге башка партиялардын мүчөлөрү дагы катышып, бирок кандайдыр бир себептер менен алар кармалган жок.

Эскерте кетсек, жаш "социал-демократ" массалык башаламандыктарды уюштурган деп айыпталууда. Ал 9-октябрда аянтта өткөн митингден кийин кармалган. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны убактылуу кармоочу жайга  жайгаштыруу чечимин кабыл алган.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх