Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары өздөрүнүн митингине чогулушту

Акциянын катышуучулары Садыр Жапаровдон азыркы президентти колдоп берүүсүн өтүнүшөт

Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун тарапкерлери "Ысык-Көл" мейманканасынын алдына чогулушту. Алар мамлекет башчынын кызматтан кетишине каршы митингге чыгышты. Алдын ала маалыматтар боюнча, болжол менен 200 адам чогулган.

Митингдин модератору митингге бардык аймактардын өкүлдөрү катышкандыгын билдирди. Демонстранттар премьер-министр Садыр Жапаровдон азыркы президентти колдоп берүүсүн суранышууда.

Ошол эле учурда, ЖМКлар Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында буга чейин эл көп чогулуп жаткандыгын жазып чыгышты.

Эске салсак, Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги өкмөт үйүнүн жанында өтүп, анда Сооронбай Жээнбеков менен парламент төрагасы Канатбек Исаев кызматтан кетишин талап кылышууда. Буга чейин алар "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына барабыз деп коркутушкан.

АКИpress агенттигинин сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх