Темирлан Султанбеков УКЖдан бошотулду (сүрөт)
Жаш саясатчыны Сейид жана Кадыр Атамбаевдер тосуп алышты
Социал-демократтар партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Темирлан Султанбеков УКЖдан чыгарылды. Бул маалыматты экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу - Сейид тастыктады.
«Темирлан чыкты, ал биз менен. Биригүү менен биз баардыгын жасай алабыз ”, - деп жазылган сүрөттө.
Буга чейин Султанбековдун апасы Кыял Токторбаева Vesti.kg сайтына уулун колдогон бардык кайдыгер эмес жарандарга жана активисттерге ыраазычылыгын билдирген.
Эскерте кетсек, жаш "социал-демократ" Темирлан Султанбеков массалык башаламандыктарды уюштурган деп айыпталууда. Ал 9-октябрда аянтта өткөн митингден кийин кармалган. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту депутаттыкка талапкерди УКЖда жайгаштыруу чечимин кабыл алды.
Султанбековду активисттер, саясатчылар жана маданият өкүлдөрү - Мирбек Атабеков, Ассоль Молдокматова, Айгүл Курманова жана башкалар дагы колдошту.
Бүгүн Бишкек шаардык соту Султанбековдун баш коргоо чарасын өзгөрттү - ал үй камагына чыгарылды.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www