Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шыкмаматов: Мага жана Сыймык Жапыкеевге кылмыш иши козголду

Мурунку депутаттын айтымында, алар имараттарды  басып алган деп шектелүүдө

Аскер прокуратурасы экс-парламентарий Алмамбет Шыкмаматов менен "Чоң Казат" партиясынын лидери Сыймык Жапыкеевге кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мурдагы парламент депутаты билдирди.

"Алар 245-берене боюнча, башкача айтканда имараттарды жана курулмаларды басып алуу боюнча иш козгошту" дейт Шыкмаматов. «Бирок бул алардын чоң катасы. Ошентип, алар эми президентти толугу менен жаманатты кылып жатышат. Алар азырынча суракка чакырыла элек, алар өлкөдөгү кырдаалдын тынчышын күтүп жатышат. Кылмыш иши козголгону тууралуу өзүмдүн маалымат булактарым кабарлашты. Алар 6-октябрдагы окуяларды мыйзамсыз деп жатышат. Турмуш аларга эч нерсе үйрөткөн жок.

Эске салсак, Ак үй басып алынган соң, 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү экс-депутат Ш.Ыкмаматов журналисттерге убактылуу башкы прокурор милдетин аткаруучу болуп калганын айткан. 

Кийинчерээк бул кызматты "Чоң Казаттын" лидери, прокуратуранын мурдагы кызматкери Сыймык Жапыкеев ээлегени белгилүү болду.

Манас Көлбаев
Сүрөт www

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх