Сыймык Жапыкеев Эски аянтта митингге чыккандарды "Ысык-Көл" мейманканасына барууга чакырды (видео)
"Чоң Казат" партиясынын лидери митингчилер үчүн автобустар келе тургандыгын билдирди
"Чоң Казат" партиясынын лидери Сыймык Жапыкеев өкмөт үйүндөгү митингчилерге кайрылды.
Ал митингчилерди президенттин кызматтан кетишин талап кылып, Садыр Жапаровдун тарапташтары дагы чогулган "Ысык-Көл" мейманканасына барууга үндөдү.
- Дагы адамдар бар. Эми ушул жерге чогулуп, автобустар келет, биз дагы ал жакка барабыз, аягына чейин турабыз. Президент отставкага кетсин, анын шайлоосу бизге кереги жок, - деди Жапыкеев.
Ошол эле учурда Жапыкеев Садыр Жапаров учурда Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын кошумчалады.
Маалым болгондой, нааразычылык акциясына чыккандар өкмөт үйүндө дагы бир саатка чогулушат.
Vesti.kgнин кабарчысы билдиргендей, Эски аянтта митингчилер Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетиши үчүн кол топтоого ниеттенүүдө.
Медина Купсулдаева
Манас Көлбаев
Сүрөт www