Бишкектеги митинг: Элди мамлекеттик резиденцияга жана парламент спикеринин үйүнө барбоого көндүрүп жатышат (видео)
Митингчилер Канатбек Исаевдин кызматтан кетишин жана парламенттин таркатылышын талап кылышууда
Ысык-Көл мейманканасынын жанындагы митингчилер дагы деле болсо таркай элек.
Vesti.kgнин кабарчысы билдиргендей, катышуучулардын айрымдары мамлекеттик резиденцияга, айрымдары Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаевдин үйүнө барууну көздөп жатышат.
Маалым болгондой, активисттер нааразычылык акциясына чыккандарды тынчтандырууга аракет кылып, чагымчыл аракеттерге алдырбоону, ошондой эле мамлекеттик резиденцияга жана депутаттын үйүнө барууга чакырыктарды жасоону токтотууну өтүнүшүүдө.
Учурда мейманканада 1500гө жакын адам чогулган.
Чогулгандар парламент спикеринин кызматтан кетишин жана парламенттин таркатылышын талап кылышууда.
Эскерте кетсек, буга чейин премьер-министр Садыр Жапаровдун тарапкерлери президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылышкан. Бүгүн мамлекет башчысы кызматтан кетүү чечимин кабыл алгандыгын жарыялады.
Родион Решетов
Манас Көлбаев
Сүрөт www