Акыры Сооронбай Жээнбеков Алмаз Орозалиев менен Мирлан Каниметовго генерал наамын ыйгарды
ИИМдин башчысынын эки орун басары боюнча жарлыкка 14-октябрда кол коюлган
Ички иштер министрлиги: Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин эки орун басарына А.Орозалиевге жана Мирлан Каниметовго генерал наамын ыйгарды.
2020-жылдын 14-октябрында, Президент Сооронбай Жээнбеков Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине жогорку атайын наам берүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, документке ылайык, милициянын генерал-майору наамы Ички иштер министринин эки орун басарына: Алмаз Орозалиев менен Мирлан Каниметовго берилген.
Эске салсак, мамлекет башчы кызматтан кетүү чечимин бир күн мурун жарыялаган. Бүгүн Жогорку Кеңеш бул маселени "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы отурумда карайт.
Сүрөт www