Жээнбеков УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Салиевге генерал наамын ыйгарууга жетишти
Полковник былтыр Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операцияга катышкан
Өткөн шаршембиде, 14-октябрда, Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, полковник Талантбек Салиевге "генерал-майор" жогорку аскердик наамын берүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Жергиликтүү ММКлардын маалыматына караганда, Талантбек Салиев 7-8-август күндөрү экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операцияга катышкан. Тополоң учурунда ал жаракат алган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз