Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы болуп дайындалды

Атайын кызматтын жаңы жетекчиси буга чейин командага тааныштырылган

Камчыбек Ташиев УКМКнын башчысы болуп дайындалды. Аны дайындоо жөнүндө буйрукка бүгүн убактылуу президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. Ташиев буга чейин мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине тааныштырылганы белгилүү.

Бекбосун Апсатаров УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын директору болуп дайындалды. Биринчи орун басары Рустам Мамасадыков болду.
Бекбосун Апсатаров 1963-жылы 14-мартта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Покровка айылында туулган.

1993-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарында ар кандай кызматтарды аркалаган. 2010-жылдан баштап стажы менен  пенсияга чыккан.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх