Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаковдун жакындары анын кайда экендигин билишпейт

Издөөдө жүргөн экс-премьер-министр Кыргызстандын чек арасынан өткөн жок деген маалымат бар

Сапар Исаковдун тарапташтары жана туугандары анын кайда экендигин билишпейт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси - Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, мурунку премьер-министрдин жанында эч кандай документтери болгон эмес.

"Биз Сапар Исаковдун жүргөн жерин билбейбиз" деди Жолдубаева. - Туугандары жана анын шериктери анын коопсуздугунан чочулап жатышат. Анын жанында эч кандай документтер болгон эмес.

Vesti.kgнин укук коргоо органдарындагы булактары Исаков алдын ала маалыматтар боюнча, мамлекеттик чек арадан өтө электигин билдиришти.

Мамлекеттик чек ара кызматы Vesti.kg сайтына кийинчерээк расмий жооп берүүгө убада кылды.

Гулиза Чудубаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх