Абылгазиев: Жапаров менен Ташиев эми соттор акыйкат болот деп убада берип жатышат, андыктан мен тергөөдөн качпайм (видео)
Экс-премьер-министр эмне себептен "Финполго" суракка чакырылгандыгын билбейт
Мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эмне үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка суракка чакырылгандыгын билбейт. Бул тууралуу ал журналисттерге тергөөчүгө бараткан жолдо айтты.
Ошол эле учурда, министрлер кабинетинин мурдагы башчысы, болжолдуу түрдө, кылмышка шектүү адамдар жазадан кутулуу максатында Кыргызстандан чыгып кеткендигине байланыштуу, анын өлкөдөн чыгуусуна чектөө коюлгандыгын белгиледи.
"Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев эми биздин мамлекетте соттор адилет болот деп убада берип жатышат, андыктан мен эч жакка качып кетпейм" деди Абылгазиев.
Эскерте кетсек, Vesti.kg мурдараак Абылгазиев Коронавирус пандемиясы учурунда Кыргызстанга гуманитардык жардам жеткирүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка күбө катары суракка чакырылгандыгын билдирген.
Медина Купсулдаева
Вероника Малышева
Сүрөт www