Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кеңешбек Дүйшебаев: Мен убактылуу президенттин буйругуна ылайык иштей берем

Коопсуздук кеңешинин катчысы анын мындан аркы кызматы Садыр Жапаровдон көз каранды экендигин белгиледи

Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетердин алдында ушул кызматты ишенип тапшырган Коопсуздук кеңешинин катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев бүгүн дагы деле ошол орунду сактап калган чиновниктердин бири бойдон калууда.

Vesti.kg сайтына берген маегинде Дүйшебаев азырынча ушул кызматта иштей берем деди.

- Туура, мен президенттин милдетин аткаруучунун буйругуна ылайык иштей берем. - деди Коопсуздук кеңешинин катчысы. - Менин тажрыйбамды эске алып, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу мени президент Сооронбай Жээнбеков дайындады. Аскер катары, офицер катары мен республикада кырдаалды турукташтыруу үчүн дайындоону кабыл алууга аргасыз болдум. Тилекке каршы, Жээнбеков мени менен дайындалгандан бир күндөн кийин түзмө-түз кызматтан кеткендиктен, аны менен иштешүүгө убакыт болгон жок. Мени команда менен тааныштырышты, мен иштөөгө жана функционалдык милдеттерди аткарууга кириштим. Менин мындан аркы ишим президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун буйругуна байланыштуу. Ал Коопсуздук Кеңешинин төрагасы болгондуктан дагы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысы.

Кулатай Ильясов
сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх