Садыр Жапаров Башкы прокурорду кызматтан кетирүү жөнүндө жарлыкка кол койду
Буга Өткүрбек Жамшитовдун өзүнүн арызы себеп болгон
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Жарлыкка кол койду, ага ылайык, Конституциянын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык,Жамшитов Өткурбек Асылбекович Башкы прокурор кызматынан бошотулду.
Негиз:
- О.Жамшитовдун билдирүүсү;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 21-октябрындагы №4120-VI токтому.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз